Массалык маалымат каражаттарына чыккан баланы куткарам деп каналга агып кеткен куткаруучулардын окуясы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу облусунда болгон. Бул тууралуу Экспресс К басылмасы жазып чыкты.
Досу каналга түшүп кеткен өспүрүм жакын жерде жүргөн полиция кызматкерлерин жардамга чакырган. Видеодо көрүнүп тургандай, полиция кызматкерлери агып бараткан өспүрүмдү куткарып калышкан. Бирок суунун агымы катуу болгондуктан полиция кызматкерлери агып барып айлампага кирип кетишкен. Андан ары Экспресс К маалымат булагынын берген маалыматына ылайык, полиция кызматкерлери өздөрү да суудан аман чыгып, өспүрүмдү ооруканага жеткиришкен.