Боливиялык 8 жашар бала кара жөргөмүш тиштеп алгандан кийин ооруканага жаткырылды. Ал мындай кадамга Жөргөмүш кишиге окшошуу үчүн барган. Бул тууралуу Oddity Central кабарлады.
Окуя Борбордук Боливиянын Оруро шаарына жакын жерде болгон. Бала жөргөмүштү үйүнүн жанында ойноп жүрүп таап алган. Коркунучту түшүнбөй, чагат деген үмүт менен аны колуна койгон. Бала жөргөмүшкө чактырткан соң, үйүнө кеткен. Үйдө денеси, булчуңдары ооруп баштаган. Бала үч сааттык азаптан кийин гана апасына аны жөргөмүш чакканын айткан. Аял баласын жакынкы шаардагы медициналык борборго алып барып, ал жерден Тез жардам көрсөтүү үчүн Оруро шаарындагы ооруканага жеткирилген. Учурда баланын абалы жакшы.
Апасы баласы Жөргөмүш адам тасмасынын күйөрманы экенин, бирок ага окшошуу үчүн ушундай кадамга бара турганын билбегенин айткан.