Акыркы убакта социалдык тармактарда көптөгөн өзбек жарандары алтын жана күмүш кошулган тамактар менен мактана башташты. Маселен, кафеде азыр бир порциясы 3 миң долларга жакын турган “алтын шишкебек” жана “алтын палоону” активдүү жайылтууда. Бул тууралу Рodrobno.uz жазды.
Өзбекстан мусулмандар башкармалыгынын фатва борбору алтын же күмүш кошулган тамактарды жегенди күнөө деп эсептей турганын билдирген. «Динибизде алтынды жеп же тамакка кошуу динге туура келбейт. Алтын менен күмүш акча катары, аялдардын жасалгасы үчүн жаратылган. Аларды жегенге болбойт. Бул шариятка каршы келет. Куран аятында жебеши керек болгон нерселерди жана жегендин арамдыгы айтылган. Ошондуктан алтын же күмүш жеген да күнөө деп эсептелинет», — деп айтылат билдирүүдө.
Уральск Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын Instagram аккаунтунда адаттан тыш видео пайда болду. Өрт өчүрүүчү Жан-Клод Ван Даммдын атактуу ыкмасын кайталоону чечкен. ...
Ахмедабад-Лондон каттамындагы учакта жалгыз аман калган Вишваш Кумар Рамештин үй-бүлөсү 279 адамдын өмүрүн алган кырсыктан кийин кандай жашап жатканын айтып...