Эквадордо президенттикке талапкерлер добуш берүүгө каска жана бронежилет кийип келишти. Шайлоо кечээ, 20-августта өттү.
Видео Эквадордогу президенттикке талапкер Кристиан Зурита добуш берүү үчүн келген шайлоо тилкелердин биринде тартылган. Ал каска жана бронежилет кийген. Мындан тышкары, коопсуздук кызматкерлери аны бомбага каршы атайын жабуу менен да жаап коюшкан.
Даниел Нобоа да добуш берүүгө каска жана бронежилет кийип барган. Калган талапкерлер күчөтүлгөн коопсуздукту тандашкан.
Эквадор президенттигине талапкер Фернандо Вильявисенсио шайлоо митингинен кийин өлтүрүлгөн. Окуяга күбө болгондордун айтымында, жалпысынан 30-40 жолу ок атылган. Беш күн өтпөй, «Жарандык революция» саясий кыймылынын лидери Педро Брионес үйүнүн жанында белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн.