Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулукта спортсмендерге стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейт.
Учурда стипендияларды дайындоо жана төлөө механизми Министрлер кабинетинин 2020-жылдын 26-июнундагы №358 токтому менен бекитилген Жобо менен жөнгө салынат. Аталган документте төлөмдөрдүн укуктук негиздери, мөөнөттөрү жана көлөмдөрү так аныкталып, ошондой эле тиешелүү документтерди жана арыздарды берүү сыяктуу милдеттүү процедуралык талаптар каралган. Ага ылайык, стипендиялар бардык белгиленген шарттар аткарылган учурда гана дайындалат. Ошол эле учурда, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик спорт коомчулугунун пикирин, коомдук суроо-талапты жана спортсмендерди колдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын эске алуу менен бирге, колдонуудагы Жобону кайра карап чыгуу процессин демилгеледи.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн негизги багыты Олимпиадалык, Азиялык жана башка эл аралык мелдештерде жогорку жыйынтык көрсөткөн спортсмендер үчүн стипендия төлөө мөөнөттөрүн узартуу болуп саналат. Бул өз кезегинде узак мөөнөттүү каржылык колдоо моделине өтүүгө, спортсмендердин кийинки ири мелдештерге туруктуу даярдыгын камсыз кылууга жана кыска мөөнөттүү жыйынтыктарга көз карандылыкты азайтууга багытталган. Сунушталып жаткан ыкмалар улуттук тажрыйбага да, жогорку деңгээлге жетишкен спортсмендерди системдүү жана туруктуу колдоого артыкчылык берген эл аралык практикага да негизделет.
Азыркы учурда тиешелүү өзгөртүүлөрдүн долбоору иштелип чыгып, ведомстволор аралык макулдашуу стадиясында турат. Акыркы чечимдер белгиленген тартипте кабыл алынат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабыл алынган чечимдер жана киргизилген өзгөртүүлөр боюнча кийинчерээк кошумча маалымат берет.