Эквадордо президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсионун өлтүрүлүшүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу азыркы мамлекет башчысы Гильермо Лассо кайрылуусунда билдирди.
Президенттин айтымында, өзгөчө кырдаал режими 60 күнгө созулат.
Эквадор президенттигине талапкер Фернандо Вильявисенсио шайлоо митингинен кийин өлтүрүлгөн. Шайлоо митинги Эквадордун борбору — Кито шаарындагы мектепте болуп өткөн. Иш-чаранын аягында талапкер мектеп имаратынан чыгып баратканда башына үч жолу ок жеген. Ал ошол жерден каза болду.