Орусиянын Nordwind Airlines авиакомпаниясына таандык учак Актөбө эл аралык аэропортуна шашылыш конду.
Аэропорттон кабарлангандай, Boeing-777 Екатеринбургдан Сочиге учуп бараткан, бирок каттамын өзгөрткөн. Жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип, абалы кескин начарлап кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, 42 жаштагы аял учуу учурунда каза болгон. Өлүмдүн себеби белгисиз.
Учак Актөбөгө жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:35те конду. Учакта 564 жүргүнчү болгон жана алар азырынча учактын ичинде.









