Индияда кыйраган учактын кесепетинен каза болгондордун саны 310 кишиге жетти. Бул тууралуу The New Indian Express жазды.
Маалыматка караганда, учак медициналык колледждин ашканасына түшкөн. Кырсык болгон учурда имаратта түшкү тамак ичип жаткан студенттер болгон. Ал эми учакта жалпы 242 киши болгон. Индиянын ЖМКлары бир гана адам адам калганын жазды. Ал Вишвашкумар Рамеш. Өзү индиялык, 2003-жылдан бери Улуу Британияда жашайт.
Полиция жерде да каза болгондор бар экенин айтып, учак кырсыгынан каза болгондордун жалпы саны 310 кишиге жеткенин билдирди. Жерде каза болгондордун көбү медициналык колледждин студенттери.