Instagram жана WhatsApp тиркемелери техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам иштебей калган. Бул тууралуу Instagram`дын Орусиядагы маалымат кызматы билдирген.
“Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам тиркемелер 45 мүнөттөй иштеген жок. Азыр баары калыбына келди. Ыңгайсыздык жаратканыбыз үчүн кечирим сурайбыз”, — деген компаниянын өкүлү.
Белгилүү болгондой, аталган тиркемелер кечээ саат 23:00 чамасында иштөөнү токтоткон. Мындай көрүнүш Орусия, АКШ, Германия, Улуу Британия, Латын Америка жана Кыргызстанда да болгон.