Кечээ, 22-декабрдын кечинде Казакстанда автобус аялдаманын жанында турган топ адамдарды жана 4 унааны сүзгөн. Бул тууралуу orda.kz жазды.
Кесепетинен үч адам каза болуп, төртөө жаракат алган. ЖМКлардын маалыматына караганда, чыр-чатактын жүрүшүндө автобустун жүргүнчүсү айдоочу аялды чаап жиберген. Айдоочу эсин жоготуп, автобусту башкара албай калган. Жаңжал акчанын туура эмес эсептелишинен улам чыкканы айтылууда.
Автобустун айдоочусун чаап жиберген адам кармалды. Ага бейбаштык жана эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келген транспортту коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бузуу беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул үчүн ал эң көп дегенде 8 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Индияда кыйраган жүргүнчү учагынын видеолору пайда болду. Бул тууралуу "Тенгри" жазды. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроого Ахмедабаддан Лондонго учуп бараткан...
Казак ырчысы Ерке Эсмахан көз жарды. Бул тууралуу анын жолдошу ырчы RaiM жазып, уулдуу болушканын сүйүнчүлөдү. RaiM социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жүктөп,...
Түштүк Африка Республикасынын бир катар райондорунда нөшөрлөгөн жамгыр жана кардын кесепетинен Чыгыш Кейп провинциясында суу ташкындары пайда болду. "Аль-Жазиранын" маалыматы...
Леди Гаганын Рио-де-Жанейродогу концерти Гиннестин рекорддор китебине кирди. Рио-де-Жанейродогу Копакабана жээгинде ырчы Леди Гага акысыз шоу өткөргөн. Концерт Леди Гаганын дүйнөлүк турнесинин...