Abank_june
SerepTV Logo

Испания Францияны жеңип, 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын финалына биринчи болуп чыкты

Испания Францияны жеңип, 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын финалына биринчи болуп чыкты

Испаниянын курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын биринчи финалисти болду. Жарым финалдык оюнда Луис де ла Фуэнтенин командасы Францияны 2:0 эсебинде утуп алды.

Испандар 22-мүнөттө эсепти ачышты. Люк Динь Ламин Ямалга каршы эреже бузгандан кийин калыс пенальти дайындап, аны Микель Оярсабаль ийгиликтүү ишке ашырды.

Экинчи таймда Испания өз үстөмдүгүн бекемдеди. 58-мүнөттө Дани Ольмонун катышуусундагы кооз комбинацияны Педро Порро жыйынтыктап, Майк Меньян коргогон дарбазага экинчи голду киргизди.

Кийинчерээк француздар оюнду өзгөртүүгө аракет кылышты, бирок Унаи Симондун дарбазасын ача алышкан жок.

Испания 2010-жылдан бери биринчи жолу дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, тарыхындагы экинчи титул үчүн ойнойт. Испандардын атаандашы Англия менен Аргентина жубунун жеңүүчүсү болот.

Ал эми Франция дүйнө чемпионатынын коло медалдары үчүн күрөшөт.