Казакстанда бүгүн, 23-январда саат 12:30да Караганда-Балхаш унаа жолунда 19 жеңил унаанын катышуусунда массалык жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды.
«Жеринде ӨКМ жана тез жардам кызматкерлери иштеп жатат. Кырсыктын алдын ала себеби — ылдамдык режимин бузгандык жана коопсуз аралыкты сактабагандык», — деп маалымдашкан «Казак авто жолдон».
3-январда Астана-Щучинск трассасында массалык жол кырсыгы катталып, 95 унаа жана 20 адам жабыркаган. Жабыр тарткандарга мээнин чайпалышы, сынык жана контузия диагноздору коюлган.
25 жаштагы индиялык теннисчини өз атасы атып өлтүрдү. Анын кошуналары “Сен кызыңдын акчасына жашап жатасың” дей беришкен. Полициянын айтымында, атасы...