Бир жума мурун үлпөт тою болгон 38 жаштагы актриса жана продюсер Асел Садвакасова түбөлүк жалгыз калуудан коркконун мойнуна алды. Бул тууралуу Tengri Life жазды.
Социалдык тармактардагы билдирүүсүндө актриса азыркы жолдошу менен эч качан жолукпай калуудан коркконун моюндаган. Ушундай ойлор ага өткөн жылдын апрель айында келе баштаган.
«Бул учур менин эсимде. Өткөн жылдын апрель айы болчу. Мен күтүлбөгөн жерден эле, «ушуга чейин күтүп жаткан адамды жолуктурбай калсамчы» деп ойлодум. Бул жашоо экенин жана баары болушу мүмкүн экенин түшүнгөм»,- деп жазды ал.
Буга чейин 38 жаштагы казак актрисасы өзүнүн жигитин коомчулукка көрсөткөн. Ачыктаган соң, анын 28 жаштагы Магжан Тлеуханов экени маалым болгон. Андан соң сөйкө салуу болуп, экөө нике күбөлүгүн алышкан. Ал эми өткөн аптада түгөйлөр үлпөт тоюн өткөрүштү.