«Павлодар облусунда дагы бир адам белгисиз затка ууланып каза болду. Буга чейин төртөө ууланып каза болгон. Эки жабырлануучу ооруканада, алардын биринин абалы оор». Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазып чыгышты.
Полиция уулануу тууралуу маалымат берген. «27-майда саат 22:17де Иртышск айылында 1955-жылы туулган үй ээсинин жана анын 32 жаштагы уулунун жансыз денелери үйдөн, 28-майда саат 7:15те райондук ооруканада 1975-жылы туулган айыл тургуну көз жумган. Ошол эле күнү саат 7:24тө үйүнөн 1957-жылы туулган пенсионердин жансыз денеси табылган, ал эми саат 16:00 чамасында ооруканада 51 жаштагы ошол айылдын тургуну көз жумган. Алардын бардыгында зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес», — дешти милициядан.
Аталган факты Иртыш районунун ички иштер бөлүмүндө катталган. Табылган сөөктөр боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.
«Кырдаалды тактоо учурунда каза болгондордун баары Иртышск айылынын тургунунун үйүндөгү идиште сакталып турган белгисиз суюктукту ичишкени аныкталган. Суюктуктун калдыктары боюнча да экспертиза дайындалды. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен өлүмдүн себеби аныкталат», — деп айтылат маалыматта.