Алматыда Димаш Кудайбергендин фан-жолугушуусу өтүп, анда анын жаңы клибинин чыгышына арналган челлендждин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Azattyq Rıhy жазды.
Башкы байге «алтын билет» деп аталган. Бул ырчынын Европа шаарларынын биринде (Барселона, Берлин, Лондон же Рига) жеке концертине жолдомо болду.
Сынактын шартына ылайык, «Тау ішінде» ырына эң креативдүү жана популярдуу видеонун автору жеңүүчү деп табылмак. Жеңүүчүлөрдүн бири Астанадагы мектептин директору Акмоншак Нуртаза болду, анын видеосу 3,5 миллиондон ашык көрүү топтогон. Акмоншак Нуртаза жолугушууга катышуу үчүн Астанадан Алматыга атайын барган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram






