5-январда Казакстандын Талдыкорган шаарында 2016-жылы орнотулган Нурсултан Назарбаевдин эстелигин митингчилер кулатышып, ал экиге бөлүнүп калган. Экиге бөлүнүп калгандан кийинки эстеликти эмне кылышканы тууралуу тартылган видео кечээ, 12-январда тарады. Тагыраагы митингчилерге эстеликтин талкаланганы аз болгон көрүнөт, алар андан ары баш жагы бар бөлүгүн тепкилеп, кийин «асып» коюшкан.
Москвадагы хостелде тинтүү жүрүп, 538 мигрант кармалды
Москванын Новоясеневский проспектисинде жайгашкан хостелде экстремизмге каршы тинтүү учурунда 538 чет элдик кармалганын Орусиянын Тергөө комитетинен билдиришти. «Экстремисттик коомчулукту уюштуруу...