Москвадагы Лениндин мавзолейин өрттөөгө аракет кылган адамга карата бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ТАСС жазды.
«Лениндин мавзолейин өрттөөгө аракет кылып, күйүүчү зат куюлган бөтөлкө ыргыткан адамга карата бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду, ал жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.
Окуя дүйшөмбү күнү саат 22:00дөр чамасында болгон. Тартип сакчылары тартип бузганды тез арада кармашкан.