Мексиканын Сьюдад-Хуарес шаарындагы крематорийде өрттөлбөгөн 381 адамдын сөөгү табылды. Мекеменин ээси менен кызматкери кармалганын Tengrinews.kz жазды.
«Сөөк өрттөө боюнча кызмат көрсөткөн мекеме сөөктөрдү өрттөбөй, маркумдун жакындарына такыр эле башка күлдөрдү карматкан, — деп айтылат маалыматта.
Штаттын прокурору эки киши, бизнестин ээси жана анын кызматкерлеринин бири камакка алынганын билдирди. Аларга санитардык нормаларды бузуу, алдамчылык боюнча айып тагылганын билдирди.
«Алар сөөктөрдү алып, кызматы үчүн акча алып, бирок сөөктөрдү өрттөбөй жыйнай беришкен», — деди прокурор.