Воронежде шаурма үчүн дайындалган 70 тонна кооптуу тоок эти аныкталды. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазышты.
Эки ишканада маркировкасы жок мөөнөтү өтүп кеткен этти таап, цехтерде мигранттар мыйзамсыз иштешкенин аныкташкан. Продукциялар облустун тез татым жайларына жеткирилип турган. Жалпы суммасы 15 миллион рубль болгон эт жүгүртүүдөн чыгарылды. Ал жок кылынат. Цехтерде иштеген үч чет элдиктин ар бирине 5 миң рублдан айып салынып, Орусиядан чыгарылат. Күнөөлүүлөр 6 жылга чейин эркинен ажыратылып, 1 миллион рублга чейин айып пул төлөшү мүмкүн.
Кытайда электромотоцикл менен дубалды сүзгөн эки өспүрүм көз жумду. Маалыматка караганда, алар электромотоцикл окуя болгонго чейин бир күн мурда сатып...
Ушул жылдын 7-мартында Алматы шаарындагы аэропортто белгисиз жаран андан паспорт сураган кызматкер кызды барымтага алган видео тараган. Көп өтпөй кыздын...