15-августта Ташкентте Chechenka0909 каймана аты менен белгилүү Instagram блогерине каршы ачык соттук отурум өттү. Ал көп аял алууну пропагандалаган деп айыпталганын Podrobno.uz билдирди.
Блогер турмушка чыккан жана эки баласы бар, кош бойлуу экени да аныкталган. Сот келин Өзбекстанда көп аял алууга тыюу салынганын алдын ала билип туруп, 9-августта экинчи аялды күйөөсүнүн туулган күнүндө «белек» кылган видеону Instagram баракчасына даярдап, таратканы аныкталган.
Сот процессинде блогер видео тамаша иретинде тартылганын, учурда кылганына өкүнүп жатканын белгиледи. Аял анын жашы жете элек эки баласы бар экенин, кош бойлуу экенин эске алып, жазасын жеңилдетүүнү суранган. Сот аны күнөөлүү деп тапкан. Анын абалын эске алып, жазадан бошоткон, болбосо 19 миллион сумдан 26 миллион сумга чейин айып төлөмөк.