Өзбекстан картошка өндүрүүнү активдүү көбөйтүүдө. Азыр илимпоздор анын жаңы сортторун өстүрүү менен бирге анын түшүмүн жогорулатуунун үстүндө иштеп жатышат. Мунун аркасында Самарканд облусунун талааларында уникалдуу түшүм – 2 килограммдан 2,2 килограммга чейинки картошка алынды. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.
«Картошка азыктык баалуулугу менен гана эмес, дарылык касиеттери боюнча да өзгөчө. Анын курамында белок, май, углевод, органикалык кислоталар, В1, В2, РР, С, D, К, Е, А витаминдери, натрий, калий, магний, кальций, темир, фосфор, йод сыяктуу элементтер бар»,— деп айтылат маалыматта.