Өзбекстанда социалдык тармактарда мушкер Шахрам Гиесовдун аюу менен машыгып жаткан видеосу тарады. Учурда кырдаалды коңшу өлкөнүн Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлиги иликтеп жатат. Маалыматтарга ылайык, машыгуу Buka Gym залында болгон. Аталган видео жаңы жыл алдында, өткөн жылдын 26-декабрында жайылган.
«Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча толук маалымат берилет. Бардык тиешеси бар адамдарга карата мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп белгилешти министрликтен.
Маалымат үчүн: Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин «жапайы жаныбарларды кармоо тартибин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, 2025-жылдын 1-январынан баштап жеке адамдар тарабынан жарым-жартылай эркин шарттарда, жасалма жол менен түзүлгөн жашоо чөйрөсүндө же туткунда кармоого тыюу салынган жапайы жаныбарлардын тизмеси бекитилген. Бул тизмеге аюунун бардык түрлөрү да киргизилген, буга байланыштуу аларды мамлекеттик жана кыдыруучу цирктерде (шапито) кармоого жана цирк оюндары үчүн колдонууга тыюу салынган.
«Экология министрлиги жаныбарларга жасалган ар кандай мыкаачылыкты айыптайт жана мындай учурлар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келерин дагы бир жолу баса белгилейт», — деп жыйынтыктады мекемеден.
Buka Gym компаниясы жаныбарларды колдонууну жактырбаганын, бул клубдун эрежелерин бузганын жана съемка анын долбоору эмес экенин айтты. Залды башка кардарлар сыяктуу спортчуга бергенин, бирок окуянын алдын ала албаганын белгиледи. Компания соцтармактын колдонуучуларынан кечирим сурады жана жаныбарларды коргоонун пайдасына өз позициясын баса белгиледи.
Кошумчалай кетсек, Шахрам Гиесов 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиаданын күмүш медалынын ээси. Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону (2017-жылы). Ал 69 кг чейинки салмакта сүйүүчүлөр арасында Азиянын мыкты мушкери.