Шри-Ланкада президентти Готабая Раджапаксанын отставкага кетүүсүн талап кылган миңдеген митингчилер резиденцияны басып алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, президент эл келгенче чейин резиденциядан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Раджапакса азырынча расмий түрдө Шри-Ланканын президенти деп саналып, аны аскерлер кайтарууда. Бирок анын кайда экендиги айылбайт.
Бүгүн, 9-июль күнү миңдеген митингчилер өлкөдөгү кризистик абалга байланыштуу Коломбо шаарына каршылык акциясына чыгып, өлкөнүн президенти, премьер-министри жана жалпы өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылган. Учурда чоң кризисти башынан өткөрүп жаткан Шри-Ланкада күйүүчү май, дары-дармек, азык-түлүк тартыштыгы күч алууда.
Флорида штатындагы Бока-Гранде жээгинде үрөй учурган окуя болду. Тогуз жаштагы Леха Ленделге акула кол салган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, үй-бүлө жээкке...
Индиянын Махараштра штатындагы Пуна шаарында 15-июнда Индраяни дарыясындагы көпүрө кулады. Көпүрөдөгү көптөгөн туристтер дарыяга агып кеткен. Бүгүн, 16-июнда эртең менен...