Түркиянын Болу провинциясындагы «Карталкая» лыжа мейманканасында чыккан өрттөн улам 10 адам каза болуп, 32 адам жабыркаган кырсык боюнча Тышкы иштер министрлигинен маалымат беришти.
«Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги тарабынан бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат суралды. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, учурда имараттын жогорку кабаттарындагы өрттү жоюу иштери жүрүп жатат, ошондой эле, каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок», — дешти.