7-апрелде экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун апасы жана азыркы мамлекет башчысы Сердар Бердымухамедовдун чоң энеси Огулабад Бердымухамедова Ашхабадда каза болгон. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.
Президенттик үй-бүлөдөгү башка аялдар сыяктуу эле, Огулабад Бердымухамедова да эл алдына аз чыкчу. 2018-жылы Гурбангулы Бердымухамедов апасына китеп арнап жазган.
Белгиленгендей, Огулабат Бердымухамедова 1937-жылы 15-июнда туулган.