Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдөн азырынча каалаган жыйынтыкты ала электигин, украин бийлиги сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына өтүүнү делегация сүйлөшүү процессин талдап чыккандан кийин чечерин билдирди. Бул тууралуу «ТАСС» жазды.
Зеленский Беларуста Орусия менен болгон сүйлөшүүлөргө токтолуп: «Азырынча биз каалаган жыйынтыкка ээ боло элекпиз. Орусия өз позициясын билдирди, согушту токтотуу үчүн биз тараптан контрпункттар айтылды. Биз кээ бир сигналдарды алдык. Делегация Киевге кайтып келгенде, биз укканыбызды талдап, андан кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына кантип өтүүнү чечебиз», — деди.
Владимир Зеленский дагы бир жолу Батыш өлкөлөрүн жана жалпы эл аралык коомчулукту Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизүүгө чакырды.