Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов өзүнүн соцтармактагы баракчасына үйлөнүү тоюнда жубайын башына чапкан жаранга кандай чаралар көрүлгөнү тууралуу маалымат берди.
Маалыматка караганда, социалдык тармактарга тарап, коомчулукта резонанс жараткан видео ушул жылдын 6-июнунда Сурхандарыя облусунун Узун районунда өткөн үйлөнүү үлпөт тоюнда тартылган. Ошондой эле жубайлар окуядан кийин эки жолго түшкөн эмес.
Видеодон кийин укук коргоо кызматкерлери тарабынан жаран табылып, кармалып, Өзбекстандын Административдик кодексинин 183-беренеси (майда бейбаштык) менен административдик жоопкерчиликке тартылган. Иш соттун кароосуна жиберилген.