Буга чейин 4 жаштагы кызын жанына алып, такси айдаган Нурилло Мухаммеджановдун тагдырын баяндаганбыз. Видео чыккандан кийин көрүүчүлөр тарабынан ар түрдүү жардамдар болуп, каарманыбыз кызын бала бакчага берген, өзүнүн чакан атыр бизнесин ачкан жана жаңы унаалуу да болгон эле. Ал эми бүгүнкү күндө ал кайрадан кызын жанына алып иштөөгө аргасыз болуп жатканын айтат. Себеби эмнеде? Толугу менен видеодон көрүңүз.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









