2010-жылы 7- апрелдеги элдик революцияга туура 11 жыл толду. Бул датага байланыштуу Медиа-Форум имаратынын алдына 7- апрель элдик революциясынын катышуучулары, жакындарын жоготкон жарандар, саясатчылар, коомдук ишмерлер чогулушуп куран окушуп, шейит кеткендерди эскеришти. 11 жыл мурун бакиевдик кандуу режимге каршы Бишкектеги митинг дал ушул имараттын алдынан башталган эле. Иш-чара 7-апрель шейиттери мечитинде уланып, курман болгондорго мечитте да куран багышталды. Чогулган жоон топэл Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын сөөктөрү коюлган Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, Апрель баатырларынын эстелигине гүл коюшту.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









