Бул жолу тагдырдын оор сыноосуна кабылган 7 баланын атасынын баянын көрсөтө турган болдук. Каарманыбыз дүкөнгө ылайыкталган павильондо 7 баласы жана жубайы менен баш калкалайт. 9 кишинин башын батырган павильон кыш келе элек жатып эле, эмитен аркырап суук. Сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин кылган Ырысбек Орозбековдун тагдырын видеодон көрүңүз. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0702 85 83 66, 0709 47 02 37
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









