Бишкектеги сейил бактардын биринде 19 жаштагы кыз иштеп жаткан аттракциондон кулап түштү. Окуя 31-мартта болгону айтылды. Жабырлануучунун абалы тууралуу дарыгер “баш мээси жабыркап, бет сөөктөрү сынган. Учурда абалы оор бойдон калууда” дейт. Парктын администрациясы аттракциондордун баары тиешелүү абалда экенин, инструкторлор аны иштетүүнүн алдында кардарларды текшерип чыгарын билдирди. Ошондой эле аттракционду иштетер алдында кызга бутун темирден чыгарбоону бир нече ирет эскерткенин, бирок ал аны аткарбаганын айтты.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









