12-июлда Аксыда сел жүрүп, суу 8 адамды алып кеткен. Алардын ичинен алтоо бир үй бүлөнүн мүчөлөрү. SUPERTV Аксынын Жолборсту айылына барды. Ал каргашалуу сел Нурбек Шайыбековдун апасын, эки чырактай кызын, карындашын жана эки жээнин алып кетти. Жакындарынан айрылып, кан жутуп, аза күтүп турган Нурбек Шайыбеков, анын атасы жана келинчегине күйүтү менен бөлүштү.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









