Бишкектин Арча-Бешик конушундагы Ойсул-Ата көчөсүндө 3 жылдан бери кошуналарды касташтырып, чечилбей келаткан маселе бар. Бул жердин жашоочуларынын айтымында кезинде мамлекеттик органдар тарабынан чийилген жер тилкеси туура эмес жазылып калган. Натыйжада ортодо түшүнбөстүктөр жана соттошуулар уланып келет. SUPERTV телеканалынын “Акыйкат издегендер” берүүсүндө бул окуяда тараптардын оюн уктук.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









