Баткендеги чек ара жанжалы бүт кыргыздын жан дүйнөсүн эңшерип, кабыргасын кайыштырып кетпедиби. Бул апаатта окко учкан жоокерлердин бири Эсентур Кубанычбеков эми гана 30дун кырына келген. Мамлекеттик чек ара кызматында 2053-аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири Эсентур Кубанычбеков 29-апрелде көз жумду. “Үй бүлө курсам, балалуу болсом” деген тилектери бар капитандын максаттары аткарылбай кала берди. Кубанычбеков 1-май күнү өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жерге берилди. Бул видеодо жанын Мекенге алмаштырган баатырды анын эң жакын досу Урматбек Нурсейит уулу эскерет.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...










Жаркылдагым жайың Жаннаттан болсун .