Мухтар Мулла-Ахун 60 жашта. Ал 4 жылдан бери өзүнүн жеке демилгеси менен жол кыймылын жөнгө салып келет. Бул иши үчүн ага эч ким акча да төлөбөйт. Ал атайын кызматта иштебесе да тиешелүү формаларды сатып алып, колуна кызыл таягын Бишкектеги Москва-Исанов көчөлөрүнүн кесиилишинде жол кыймылын тейлейт. Бул ирет биз “Тез жардам кызматы бирөөнүн өмүрүн сактайт, ага жол ачык болушу керек” деген кызыктуу каармандын жумушу, өзү менен тааныштык.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









