Жамилова Калбүбү 50 жашта. Учурда Ош шаарында күн кечирип, көчө шыпырып иштейт. Тапканы жарытылуу жашаганга жетпесе да, атүгүл баш калка кылганга үйү жо экенине кайыл боло үч улуттун балдарын багып алган. Алар Калбүбү айымдын артынан «апалап» ээрчип жүрүшөт. Бүл үй-бүлө колдоого жана жардамга муктаж. Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизттер: 0701472336
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









