Бала болгонуна карабай, үй-бүлөсүн ойлоп, айла жоктун айынан кайыр сурап, бата берип күнүмдүк тамак-ашка акча тапкан каарманыбыз Нурсултан 9 жашта. Ал элчилеп көчөнү чаңытып ойногондун ордуна турмуштун оор түйшүгүн моюнуна көтөрүп, батирдин акчасын табуунун айласын издеп деп жүрөт. Каарманыбыз “Атам мени таштап кеткен, ал аталыктан баш тарткан” деп кейиди. Биз кичинекей Нурсултандын бир күндүк жашоосун чагылдырдык. Толугу менен видеодон көрө аласыздар. Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: Банктык эсеп: 4177 4901 5100 6543 Элсом: 0709 02 22 83
Ракка кабылган эне: “Жолдошум, кыздарым, силерди кыйнап койдум. Кичине чыдап койгулачы”
Буга чейин биздин каналда “Кокус көзүм өтүп кетсе кыздарды жакшы кара” деген аталыштагы видеоматериал жарык көргөн. Анда каарманыбыз Айгерим Төлөгөнова...









