Республикалык эне жана баланы коргоо борборунда аллергия көйгөйү боюнча балдарын көрсөтүү үчүн кайрылган ата-энелердин кезек күтүүсү түнкү саат 12ден тарта ич ара кагаз түрүндө түзүлөт. Кыргызстандын ар кайсы облус, районунан келген балдарды 2 аллерголог текшерет. Кезектин көптүгүнөн 1 жумалап кайрыла албагандар да бар. Айрымдар жашоого жери болбогону үчүн мейманканаларда калууга туура келет. Эмне үчүн 2 аллерголог эле иштейт? Бул маселе кантип чечилиши керек? Ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Толугу менен видеодон көрө аласыздар.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









