2022-жылдын 9-майында Ысык-Көл районунун Бостери айылында жубайлардын ортосунда чыккан чатактын натыйжасында мас абалындагы эркек аялынын башына жана ичине уруп, аял ооруканага жаткырылган. 11-майда аял эсине келбей каза болгон. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматта жазылган. Бул видеоматериалда каза болгон аялдын апасы, бир туугандары адам өлтүрүүгө айыпталган күйөө баласынын эркиндикте жүргөнүнө нааразы экенин айтышты. Маркумдун уулу эмне дейт? Толугу менен видеодо.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









