“Тагдыр ” көрсөтүүбүздүн бул жолку каарманы Бурулхан Кадырова көп жылдан бери бир бөлмөлүү жатаканада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы жана кызы менен жашап келет. Анын айтымында, оорукчан уулунун атасы белгилүү куудул, маркум Манас Бердибеков. Учурда балдары жардамга муктаж экенин айткан энеге колдоо көрсөтүүнү каалагандар 0(553) 03-36-27 / 0(771) 85-31-11 номерлери аркылуу байланышса болот.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









