Кечээ, 12-май күнү ырчы, аткаруучу, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Рустам Сагыналиев 40 жашында каза болду. Бул видеодо маркумдун кесиптештери Сагыналиевдин өмүрүнүн акыркы күндөрүн эскеришти. Сагыналиев 1984-жылы январь айында Талас облусунун Бакайыр айылында туулган. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин улуттук филармониянын Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» фольклордук тобунун мүчөсү болуп эмгектенип келген. SUPERTV телеканалы Рустам Сагыналиевдин каза болгондугуна байланыштуу жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









