Баткендеги чек ара жаңжалында жарактан чыккан үйлөрдүн катарында Боркош Мавлянов аксакалдын да үйү бар. Дал ошол окуядан соң “гуманитардык жардам жетпей калды” деп ыйлаган аксакалдын видеосу интернетке тарап, ага реакция кылгандар четтен чыкты. Каармандын айтымында аны президент Садыр Жапаров кабыл алам деп убада берген, бирок борборго келгенине эки күн болгонуна карабай, ал дале ажонун кабыл алуусуна кире элек экенин айтты. Биз дал ошол аксакал менен маектештик. Толугураак видеодон көрүңүз.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









