Кечээ, 10-февралда «Ош базарынын» тегерегинде 530га жакын мыйзамсыз соода түйүндөрү тазаланды. Ага карабай жумушун азыркыга чейин уланткан соодагерлер көп. Алар бир айдан бери жүрүп жаткан бул рейдге нааразы. Сатуучулар «мамлекет жумуш орундарын камсыздап берсе, бул жерде отурбайт элек, үй-бүлөбүздү ушул жерден тапканыбыз менен багабыз» дешет. Мэрия кызматкерлери соодагерлердин товарларын чачып, алардын колдорун кайрып, орой мамиле жасалып жатканын айтышты. Мыйзамсыз жерде соода кылып жатат деген жерлерге сатуучулар мурда ижарага акча төлөгөнүн да билдиришти.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









