Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө сейрек кездешүүчү сиам эгиздери Гита менен Зитаны таанысаңыз керек. 2015-жылы эгиздердин бири, тагыраагы Зита жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ал эми Гитанын азыркы абалы кандай? Бул тууралуу ал өзү жана апасы айтып берет.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









