34 жаштагы Жанаргүл Кийикбаева эки баласы менен кадимки соода кылууга арналган күркөнү үй кылып жашайт. Анын үйүнө суу, электр жарыгы барган эмес. Тилекке каршы, ал так сүйлөй албайт, угуусу начар. Ушундан улам аны жолдошу кемсинтип, чанып кеткенин айтат. SUPER TV турмуштун соккуларына туруштук берип келе жаткан келиндин тагдырын көрсөтөт.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









