Назира Элдияр кызы Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштардын биринде 3 кызы менен вагондо күн кечирет. Ал бир убакта тирөөчү болгон апасынан, жолдошунан айрылып, бүгүнкү күндө элден жардам суроого аргасыз болуп турган чагы. Учурда жамгыр жааса шыбынан суу тамган, жашоого кооптуу темир вагондо кыздарынын балалык доору өтүүдө. Алардын келечегин курам деп жан үрөгөн каарманыбыз базардан коробка терип, сатып, кээде күнүмдүк иштерге жалданып иштеп, тыйын табарын айтат.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









