“Темир тор артындагы жашоо – тирүүлүктүн тозогу. Андай жашоону жыланга да каалабайм” деген биздин бул жолку каарманыбыз 13 жыл жашоосун абакта өткөргөнүн айтат. “Зонадан воляга”. Биз бул берүүнүн дал ушинтип атадык. Берүүдө 46 жаштагы Таалай Сыдыков түрмөдөгү азаптуу жашоо, эркиндиктин кадыры жана ага болгон кусалык, абактан кийинки жашоо тууралуу айтып берди. Толугу менен видеодо.
Итке таланган баланын окуясы. “Балам 2,5 жашында апасынан калган”
1-апрель күнү Бишкек шаарынын Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда 5 жаштагы Умарды иттер талап кеткен. Натыйжада бала ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган....









