Кечээ, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев балдардын өлүмү боюнча маселе көтөрдү. Ал акыркы бир жумада 5-6 мектеп окуучусу суицидден, ур-токмоктон каза болгонун айтып МинКаб тез арада жыйын өткөрүшү керектигин айтты.
Жыйында эл өкүлү Эльдар Абакиров ар бир районго балдар менен иштешкен психологдор керектигин, балдардын бош убактысын текке кетирбөө үчүн түрдүү ийримдерди ачуу керектигин сунуштаган. Ал эми эл өкүлү Жалолидин Нурбаев мектептерде дин тануу сабагы да киргизилиши керектигин демилгелеген.
Биз жыл башынан берки чыккан маалыматтарды чогултуп көрдүк.
— Жыл жаңырган күндүн эртеси, 2-январда Таласта 15 жаштагы өспүрүм асынып алды.
— 21-январда Сокулукта 8-класстын окуучусу «мектепке кеттим» деп сарайга асынып алган.
— 21-январда Бишкектеги №72 мектептин даратканасында сабалган окуучу 4-февралда жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Анын өлүмүнө шектүү катары 9-класстын окуучусу 2 айга камакка алынды.
— 22-январда Кант шаарында №3 мектептин 10-классынын окуучуларынын ортосунда чыр чыгып, бири ооруканага жеткирилген. Өспүрүм 25-январда каза болгон.
Ал эми үстүбүздөгү ферваль айында бир окуучу ур-токмоктон көз жумса, беш өспүрүм асынып, бир кыз киши колдуу болуп каза тапса, бир өспүрүм авариядан кайтыш болду.
Алар:
— 5-февралда Барскоон айылындагы мектептин күрөш залында 17 жаштагы бүтүрүүчү класстын окуучусу темир турникке асынып алганын дене тарбия мугалими тапкан. Кыз 14-февралда ооруканада каза тапты. Анын өлүмүнө шектелип 27 жаштагы дене тарбия мугалими “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен кармалды.
— 12-февралда Кара-Суу районунундагы №39 орто мектебинин 9-классынын окуучусу бала ур-токмокко алынып, жаракатынан улам окуучу каза болгон. Окуучунун өлүмүнө шектүү 18 жаштагы өспүрүм камакка алынган.
— Ошол эле күнү, 12-февралда Жумгалда Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен балдардын бири денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок жабыркаган өспүрүмдүн ата-энеси арыз жазуудан баш тарткан.
— 16-февралда Токмок шаарында 2008-жылы туулган өспүрүм жанын кыйган.
— 18-февралда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп изделип жаткан кыздын жансыз денеси табылды. Кызды бут кийиминин боосу менен муунтуп өлтүргөн шектүү кармалып, камакка алынган.
— 19-февралдан бери издөөдө жүргөн, 17 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси 21-февраль күнү Каракол шаарындагы кароосуз калган имараттын короосунда асылып турган абалда табылган.
— 22-февраль күнү Ноокат районунда 13 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды. Маркумдун ата-энеси жана жакындары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.
— 22-февралда 16 жаштагы өспүрүм өзүнүн чоң атасынын унаасын айдап чыгып, жол кырсыгына кабылган. Ал рулга ээ боло албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Кесепетинен рулдагы 16 жаштагы өспүрүм каза болгон. Дагы эки окуучу ооруканага жеткирилген.
— 24-февралда Ысык-Ата районунун Буденовка айылындагы 17 жаштагы окуучу асынып алган.