Чүйдө 8-класстын окуучусу өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
21-январда Сокулук РИИБге Сокулук аймактык ооруканадан маалымат түшүп, анда 2010-жылы туулган өспүрүмдүн жансыз денеси түшкөнүн билдиришкен. Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, териштирүү башталган.
«21-январда саат 08:00 чамасында 8-класстын окуучусу мектепке барам деп үйүнөн чыккан. Бирок 40 мүнөттөн кийин жакындары аны асынган абалда сарайдан табышкан. Бул факты боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат»,- деп айтылат маалыматта.