Бул чакан ашкананын иши таң эрте саат 7де башталып, базардан эл тараганга чейин уланат. Ашкананын каалгасын кагып, ысык куруттан даам сызгандардын саны күн бою суюлбайт. 43 жаштагы Назира Айбашева үй-бүлөсү менен ушул ашкананы иштетип келет. Анын айтымында, ал 20 жашынан бери ысык курут сатат. “Кыргыздын улуттук тамактарынын катарын толуктаган ысык курутту даярдоонун да өзүнчө сырлары бар”, — деген каарманыбыз келечекте “Шородой” таанымал болгусу келет.
Африкага күйөө бала болгон Марат
Блогер жана саякатчы Марат Ниязмат уулу сүйүктүүсү Люси менен баш кошуп, Кыргызстанга келгенине бир нече күн болду. Биз жаңыдан түтүн...









